Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

2023-жылдын апрель айынан баштап №8 жалпы билим берүү орто мектебине бекитилген даректерде жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат. Мектепке бекитилбеген даректерде жашаган балдар үчүн биринчи класска арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын  1-августунан  жүргүзүлөт.

«Мектепке электрондук жазылуу» проектиси – бул мектеп жашына жеткен (6-7 жаш) балдардын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарына биринчи класска жазылуу процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык система.

«Мектепке электрондук жазылуу» системасын ишке ашыруу 6-7- жаштагы мектеп жашына жеткен  баласын биринчи класска киргизүү үчүн mektep.edu.gov.kg  Бирдиктүү электрондук реестринде каттоого КР ар бир жаранына мүмкүнчүлүк берет.

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:

  1. Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
  2. Баланын жынысы;
  3. Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары — датасы);
  4. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
  5. Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
  6. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси

Мектепке бекитилген террияторияда жашабаган балдар үчүн 1-класска кабыл алуу бош орун болгондо гана жүргүзүлѳт.

Мектепке  бекитилген  даректер:

Саматов көч: 1-41 үйлөр;

Загордняя көч.: 1-100 үйлөр;

Ленин көч: 52-89 үйлөр;

Жаштык көч: 1-53 үйлөр;

Ключевая көч: 1-13 үйлөр;

Набережная көч: 1-22 үйлөр;

Пролетарская көч: 1-32 үйлөр;

Строительная көч: 1-25 үйлөр;

Сыдыков көч: 1-27 үйлөр;

Песчанная көч: 1-15 үйлөр;

Подгорная көч: 1-12 үйлөр;

Юнусалиев көч: 1-32 үйлөр;

Урматтуу ата-энелер, көрсөтүлгөн даректерде  жашаган мектеп жашына чейинки курактагы балдардын тизмесин тактоо максатында, балаңыз тууралуу маалыматты мектепке тактап  берүүңүздөрдү суранабыз.

Мектеп  жашына чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин мектепке бекитилген даректерде  жашагандыгы документтик  түрдө аныкталат.

1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  2. Баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
  3. Ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  4. Мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
  5. Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
  6. Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
  7. 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
  8. Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).