Новости

№8 жалпы билим берүү орто мектебинде администрация жана башталгыч класс мугалимдери тарабынан 2023-жылдын 19-апрелинде «Окуу керемет!» долбоору боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарга Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу жана мектептердин башталгыч класс мугалимдери катышышты. Семинардын максаты- өз ара тажрыйба алмашуу. Программада көрсөтүлгөндөй алгач мугалимдерди окуучулар менен биргеликте тосуп алуу иш аракети аткарылды. Мектептин тажрыйбалуу мугалимдери ачык […]
28.04.2023 123
Майлуу-Суу шаарындагы 1-11-класстардын окуучуларын тездетилген жайкы Англис тили курстарында билим алууга чакыруу үчүн «Discovery» окуу борборунун тажрыйбалуу мугалимдери 2023-жылдын 27-апрелинде №8 жалпы билим берүү орто мектебине келишип, өздөрүнүн презентациясын жасашты. Бул курс жайкы эс алуу күндөрүндө уюштурулуп, чет мамлекеттен жана Бишкектен келген тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан коммуникативдүү жана интерактивдүү ыкмалар менен сабактар өтүлөрүн баса белгилешти. Бул […]
28.04.2023 102
2023-жылдын 25-апрелинде ЕККУ нун Кыргызстандагы Программалык офисинин жетекчиси А. Рогов Майлуу-Суу шаарында өзүнүн командасы менен биргеликте болуп, «Шаардын тарыхы жана уран калдыктары» тууралуу музейде жүргүзүлгөн иш аракеттердин презентациясына катышты. Жалпы билим берүү уюмдарында өткөрүлгөн «Жер- биздин үйүбүз» аттуу сүрөт тартуу конкурсу уюштурулуп, жеңүүчү деп табылган  «Жашыл патруль»  тайпасындагы окуучуларды баалуу белектер менен сыйлады. Андан соң […]
27.04.2023 97
Майлуу-Суу шаарындагы N8 жалпы билим берүү орто мектебинде  10-апрелден  14-апрелге чейин так илимдер (математика, геометрия, физика, информатика, география, биология) жумалыгы болуп өттү. 10-апрелде 1-10-класстарга жумалыктын ачылышында усулдук бирикмененин жетекчилери астында окуучулар ырларды айтышып , усулдук бирикменин жетекчиси Сиябекова У. бир жумалык өтө турган программа менен тааныштырды. «Жер-биздин үйүбүз » аттуу сынак өткөрүлүп , сынакта 1-10 […]
14.04.2023 101
                                  1- июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү!      Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. […]
01.06.2022 112
                                                       Ак жол сага, Бүтүрүүчү! Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, карлыгачтар, турмуштун даңгыр жолуна аттанып жаткан сапарыңар байсалдуу болсун. Мектептен алган терең билим, татыктуу тарбияңар келечектеги жашооңорду жалаң гана ийгилик коштоосуна себепкер […]
09.06.2022 325
Майлуу-Суу шаарындагы N8 жалпы билим берүү орто мектебинде «Күзгү бакчам» аттуу  конкурс болуп өттү. Конкурста 1-10-класстарынын окуучулары күз жөнүндө ырларды, бийлерди аткарып, өз колдору менен жасаган түрдүү кийимдерди даярдоо менен өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. Күз жөнүндө икебаналарды өз чыгармачылыктары менен жасашып, ошондой эле күз мезгилине арналган сахналаштырылган көрүнүштөрдү  мыкты аткара алышты. Бул өткөрүлгөн иш чарада калыстар […]
28.10.2022 137
№ 8 жалпы билим берүү орто мектебинде Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 33-жылдыгына карата план түзүлүп, иш-чаралар өткөрүлдү. Тарых мугалимдери Г.А.Керимкулова, Б.У.Кушбакованын жетекчилиги астында Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 33-жылдыгына карата бурч уюштуруп, дубал гезиттер чыгарылды. 4-11-класстардарда Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 33-жылдыгына карата “Мен Мекендин коргоочусумун”, “Мекенди коргоо — ыйык милдет” деген темада класстык […]
16.02.2022 233
Майлуу-Суу шаарындагы N8 жалпы билим берүү орто мектеби маалымдайт. N8 жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жыл 5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата иш -чаралар өтүлдү. Мектепте 1-11-класстардын окуучуларына “ Мугалим – кесиптердин улуусу”, “Мугалим- мектептин жүрөгү”, “Мугалим – мөмөлүү дарак” деген темаларда класстык сааттар өтүлдү, дубал гезиттер чыгарылды. Мугалим келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун жолуна […]
05.10.2022 242
Улуттук адабият күнү — Кыргыз Өкмөтүнүн чечими менен 2011-жылдан бери жыл сайын 12-декабрда белгиленет. 12-декабрь адабияттын белгилүү алпы, жаңыча көз караштагы, багыттагы адабий чыгармалары менен улуттук адабиятка кайталангыс бурулуш жасаган, кыргыз атын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган, өз салымын кошкон Алыкул […]
12.12.2022 436
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору!Мен чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!
01.09.2022 242
         «Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат. Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган.  «Манас» 2013-жылы ЮНЕСКОнун […]
05.12.2022 430