Мектептин социалдык кызматы

Мектептин социалдык педагогунун ишмердүүлүгү

Мектептин соцпедагогу: Калмырзаева Пайзыкан Ырысбаевна

Билими: жогорку, ЖАМУ

Байланыш телефону: 0702-02-11-78
Иштөө мөөнөтү: 8:30-16:30

Соц.педагогдун негизги функциялары:

  1. Билим берүүчү — тарбиялык: Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  жүрүм-турумуна жана ишине максаттуу педагогикалык таасир берүүнү камсыз кылуу.
  2. Диагностикалык: Балдардын, үй-бүлөнүн, социалдык  чөйрөнүн жекече өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык-тиричиликтик  шарттарына иликтөө жүргүзүү менен “социалдык”диагноз коюу, балага оң жана терс таасирлерди жана ар кандай түрдөгү көйгөйлөрдү  аныктоо.
  3. Уюштуруучулук: Социалдык-педагогикалык жардам берүү, тарбия берүүгө колдоо көрсөтүү маселелердин  чечүүдө, пландарды жана программаларды ишке ашырууну өнүктүрүүдө балдардын жана өспүрүмдөрдүн, педагогдордун  коомдук иштерин уюштуруу.
  4. Божомолдук жана эксперттик: Конкреттүү микросоциумду социалдык жактан өнүктүрүу процессин программалоо, алдын ала божомолдоо, долбоорлоо, социалдык иштер боюнча түрдүү институттардын иштерине катышуу.

Кимдер менен иш алып барат:Социалдык-психологиялык кызмат

Социалдык педагогдун иш алып баруусу.

  1. Окуу жылынын башында аткарылуучу иш-чаралардын иш-планын түзүү.
  2. Мектептерде өткөрүлүүчү социалдык-педагогикалык ишмердүүлүктүн нормативдик-укуктук негизи тууралуу маалыматты топтоо жана изилдөө.
  3. Шаардык билим берүү башкармалыгынын соц.педагогика маселелери боюнча иштеген адистер менен, шаардык милиция бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор менен, шаардык социалдык жана балдарды колдоо борборунун кызматкерлери менен байланыш түзүү
  4. №8 жалпы билим берүү орто мектебиндеги окуган томолой жетим, жарым жетим, толук эмес үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси мигрант балдарынын жана башка социалдык категорияларга кирген балдардын далилдөөчү справкаларын топтоо жана алар менен иш алып баруу.
  5. Шаардык жана облустук семинарларга катышуу
  6. Мектепте профилактика кеңешмеси иштейт, кеңешменин  отурумдарына катышуу.
  7. Окуу жылына пландаштырылган рейддерди  ШБББнүн адистери, ИДН кызматкерлери, класс жетекчилер менен бирдикте жүргүзүү.
  8. “Ишеним кутучасынын ” ишин жандандыруу , ал боюнча иш алып баруу.
  9. Социалдык жардамга жана моралдык колдоого муктаж балдар менен иш алып баруу, учетко алуу, жардам көрсөтүү. Жардамга муктаж балдардын абалын талдоо, жардам көрсөтүү.
  10. Тренингдерди мугалимдерге жана окуучуларга өткөрүү.
  11. Материалдык жактан начар үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу мектептин администрацисына, ата-энелер комитетине кат менен кайрылуу жана мектептеги төлөмдөрдөн жеңилдетип берүү.
  12. Майлуу-Суу шаарындагы социалдык башкармалыктарынан көрсөтүлүүчү жардамдар жана жеңилдиктер тууралуу маалымат алып, ата-энелерге жеткирүү.
  13. Көзөмөлдө турган жана ар кандай көйгөйлөрү бар окуучулардын үйлөрүнө барып, үй-шарттары, үй-бүлөсү менен жакыныраак таанышуу, акты жазуу.