Алчынбаева Наима Надировна

Директор, англис тили мугалими

Фамилиясы, атыатасынын аты: Алчынбаева Наима Надировна

Иштеген мекеменин аты, кызматы: №8 жалпы билим берүү орто мектебинде директор, англис тили мугалими

Туулган күнү, айы,жылы: 21.02.1980-ж.

Улуту: кыргыз

Билими, окуу жайдын аталышы: ОшМУ, жогорку

Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары :

  • “Жыл мугалими — 2016” сынагынын жеңүүчүсү Майлуу-Суу ШБББүнүн Ардак грамотасы, 2016-жыл
  • “2016-жылдын мыкты мугалими” конкурсунда “Жаранды тарбиялоо өзгөчөлүгү” номинациясы Жалал-Абад областтык усулдук борбору, 2016-жыл
  • Ардак грамота, КР ББИК профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети, 2016-жыл
  • Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан Алкыш менен сыйланды. 2016-жыл
  • I даражадагы Диплом менен КРББИМ тарабынан жарыяланган конкурстун Жобосуна ылайык “2016-жылдын мыкты мугалими” номинациясы боюнча сыйланды. ШББИМ, 2016-жыл
  • Ардак грамота менен №8 жалпы билим берүү орто мектеби тарабынан сыйланды. 2016-жыл
  • “27-май Кыргыз Республикасынын китепкана күнүнө” карата шаардык деңгээлде өткөрүлгөн “Жан дүйнөндү тазарткан, ыйманың болсун дилиңде” кароо-сынакта Ардак грамота менен сыйланды. Майлуу-Суу шаардык борборлоштурулган китепканасы, 2017-жыл
  • Ардак грамота, №8 жалпы билим берүү орто мектеби, 2021-жыл
  • Мактоо баракчасы, Нур Саякат Билим борбору тарабынан өткөрүлгөн “Өзгөр жана Саякатта” онлайн марафонунда 2-орунду ээлегендиги үчүн сыйланды. Бишкек шаары,2021-жыл.
  • №8 жалпы билим берүү орто мектебинин администрациясы тарабынан Алкыш барагы, 2021-жыл

 Телефону: (37444) 5-06-88, 0557- 01-33-90

 Эмгек жолу жана билим берүү тармагындагы кошкон өзгөчө эмгектери:

Алчынбаева Наима Надировна 1980-жылы 21- февраль айында Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында туулган.

1997-2002- жылдары Ош шаарындагы Ош Мамлекеттик Университетинин Дүйнөлүк Тилдер факультетинде немец тили бөлүмүн аяктап, 2003-жылдын 1-сентябрынан ушул факультетте немец тили мугалими болуп алгачкы эмгек жолун баштаган. Ал немец тили кафедрасында 1 жыл эмгектенүү менен 2004-жылы май айынан өз билимин өркүндөтүү максатында Германия жергесинде тереңдетилип окутулган курстарда билим алды.

Алчынбаева Наима Надировна Майлуу-Суу шаарындагы № 8 жалпы билим берүү орто мектебинде 2015-2016 окуу жылынан бери англис тили мугалими болуп эмгектенип келе жатат.

2016-жылы шаардык деңгээлде өткөрүлгөн “Жыл мугалими — 2016” сынагынын жеңүүчүсү болуп, областттык сынакка жолдомо утуп алган.

Жалал- Абад шаарында өткөрүлгөн областтык деңгээлдеги “2016-жылдын мыкты мугалими” конкурсунда “Жаранды тарбиялоо өзгөчөлүгү” номинациясына ээ болгон.

Пандемия шартында окутуу аралыктан жүргүзүлүп жаткан учурда сабак өтүүдө ИКТ технологияларын мыкты билгичтик менен колдонуп, жаңыча иш алып баруу менен кызыктуу видео сабактарды жасап, окуучуларга жөнөтүп сабак өттү. Даярдаган сабактарын коомчулукка, өзгөчө мугалимдерге иш тажрыйбасынан бөлүшүү максатын көздөп, өзүнүн жеке You Tube каналына жайгаштырды.

Бул окуу жылдар аралыгында мектептин усулдук бирикмесинин жетекчиси болуп эмгектенди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасында (БББМС) кызматтык милдетти аткаруу менен мектептин бардык маалыматтарын өз убагында так, туура жүргүзүүдө.

Окуучуларга сапаттуу билим тарбия берүүдө чыгармачылык менен изденип, интерактивдүү, инновациялык усулдардан колдонуп сабак берип келет. Предметтик текшерүүдө окуучулардын билим сапаттары жакшы көрсөткүчтөрдү берип жатат. Ар жыл сайын “Англис тили жумалыгын” эң мыкты деңгээлде өткөрүү менен мектеп окуучулары жана мугалимдер жамааты кеңири маалыматтар, кызыктуу материалдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.

Окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басарларынын ишмердүүлүгүн уюштуруу, англис тилин окутуунун теориясы жана усулу программалары боюнча жана башка ар кандай атайын курстарга барып катышып, өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө тынбай иш алып барат.

Мектепте жана башка мектептерде өткөрүлгөн ар кандай иш чаралар боюнча маалыматтарды “Билим АКИpress”маалымат агенттигинин электрондук почтасына жөнөтүү иштерин жүргүзөт.

Алчынбаева Наима Надировна уюштургуч, демилгелүү мугалим катары,ишке болгон тактыгы менен мугалимдер  жамаатында  чоң  кадыр- баркка ээ. Ата- энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен, азыркы коомдун талабына ылайыктуу жашоодо өз ордун таба билген, сапаттуу билимге ээ болгон интеллектуалдуу инсанды тарбиялоонун үстүндө талыкпай чыгармачылык менен изденип эмгек жолун улап келе жатат.

2016-2022- жылдар аралыгында мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркалап келди. Окуу тарбия жаатында өз ишине болгон тактыгын, жоопкерчилигин көрсөтүү менен иш кагаздарды сапаттуу, туура жүргүздү.

Алчынбаева Наима Надировна КРББИМ нин 2022-жылдын 26-июлундагы №1484/1 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык өткөрүлүп жаткан КРнын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо конкурсуна 2022-жылдын 11-августунда тести ийгиликтүү тапшырып, 2022-жылдын 1- сентябрь айынан тарта №8 жалпы билим берүү орто мектебинин директору кызматында иштей баштады.