Мамырбаева Алтынбү Калыкеевна

Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары, физика мугалими

Мамырбаева Алтынбү Калыкеевна

Туулган жылы: 10.10.1955-ж.

Улуту: кыргыз

Билими: жогорку

Мамырбаева Алтынбү Калыкеевна 1976-жылы Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институнун физика-математика факультетин аяктаган. Ушул эле жылы Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун Комсомол орто мектебинде алгачкы эмгек жолун физика-математика мугалими болуу менен баштаган.

1990-1999-жылдары мугалимдик кесипте эмгектенип өзүнүн ишиндеги ийгиликтер үчүн бир нече грамоталар менен сыйланган.

1999-2007-жылга чейин НМУнун алдындагы Нарын облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борборунун методисти жана физика информатика кабинетинин башчысы болуп эмгектенген.

2003-2011-жылга чейин ПИКС программасы боюнча “Сынчыл ой жүгүртүү”, “Кадам артынан кадам”, “Инклюзивдик билим берүү”, “Куррикулум” программалары боюнчатренер болуп иштеп облусттук мектептердин мугалимдерине, усулдук жардамдарды берген. Ошондой эле жаш мугалимдерге ар дайым методикалык жардам көрсөтүп келет.

2007-жылдан бери Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинде жаш муундарга татыктуу тарбия, сапаттуу билим берүүдө изденип, чыгармачылык менен иштеп жатат.

2008-2010-жылдарда Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүндө методист болуп интерактивдүү усулдарды окутуу боюнча мектептерде семинарларды уюштуруп жаш мугалимдерге методикалык жардамды көрсөткөн.

Мамырбаева Алтынбү “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”.

2010-жылдан бери №8 жалпы билим берүү орто мектебинин директор кызматын аркалоодо. Мектеп жамаатын ынтымакта, чыгармачылык менен изденип иштөөсүнө шарт түзүп, окуучуларга сапаттуу билим тарбия берүүдө, ата-энелер менен иш алып баруу, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу иштери боюнча талыкпастан эмгектенүүдө. Мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоодо бир топ алгылыктуу иштерди жасап, долбоорлор менен иштөөдө.Ошондой эле Майлуу-Суу шаарындагы Майлуу-Суу колледжинде жана Борбордук Азия колледжинде педагогикалык кадрларды даярдоо адистиги боюнча  мамлекеттик экзамендердин төрайымы болуп, жаш кадрларга педагогикалык усулдардан жардам берүүдө. Алтынбү Калыкеевна өзүнүн кызматына жоопкерчиликтүү менен мамиле кылып, жетекчилик тарабынан берилген тапшырмаларын так аткаруу менен  өзүн көрсөтө алды. Уюштургуч, демилгелүү кызматкер катары ишке болгон тактыгы менен коллективде, окуучулар жана ата-энелер арасында чоң кадыр баркка ээ. Үй бүлөлүү, төрт баланын энеси.

Сыйлыктары:

  • Нарын облустук Мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы
  • Нарын облустук региналдык билим берүүнү өнүктүрүү борбору Ардак грамотасы
  • Жалал-Абад областтык Мамлекеттик администрациясынан “Алкыш” барагы
  • Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият Министрлигинин Ардак грамотасы
  • КРнын Билим берүү отличниги
  • 2013-жыл “Иштерман” жылында жетишкен мыкты көрсөткүчү грамотасы
  • Майлуу-Суу шаарынын “Мыкты директор” номинациясы
  • 2019-жыл КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облусттук комитетинин Ардак грамотасы
  • 2022-жыл КР нын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы
  • 2022-жыл №8 жалпы бидим берүү орто мектебинин «Алкыш» барагы