Ирсалиева Жибек Абдимамытовна

Уюштуруучу, биология мугалими

Ирсалиева Жибек Абдимамытовна 1988-жылы 27-февраль айында ошол кездеги Ош областына караштуу Шамалды- Сай шаарчасында туулган. 2005-2010-жылдары Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Табият таануу факультетинде БИОЛОГИЯ адистигин окуп бүтүргөн.2009-жылы Жалал-Абад шаарында Сатыбалды Давлетов атындагы  N14 мектеп-лицейинде алгачкы эмгек жолун баштаган. Бирок 2010-жылы ошол кездеги кырдаалга байланыштуу ал мектептеи ишин токтоткон. Ошол эле жылы өзүнүн туулуп өскөн жери Шамалдуу — Сай шаарчасындагы Кенжалы Осмонкулов атындагы N2 гимназия класстары бар орто мектебине биология мугалими катары кабыл алынган. 2012-жылы декабрь айында турмуш жолуна аттанып, ал мектептен да ишин токтоткон. 2017-жылдын сентябрь айынан баштап Майлуу — Суу шаарындагы N8 жалпы билим берүү орто мектебинде биология, география мугалими жана мектептин уюштуруучусу кызматында эмгектенип келе жатат.