Калмырзаева Пайзыкан Ырысбаевна

Соц педагог, кыргыз тили жана адабияты мугалими

Фамилиясы, аты,атасынын аты:  Калмырзаева Пайзыкан Ырысбаевна

Туулган жылы: 02.11.1978- ж.

Улуту: кыргыз

Туулган жери: Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылы

Иштеген жери, кызматы: Майлуу-Суу шаары №8 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Билими, окуу жайдын аталышы :  жогорку, ЖАМУ

Эмгек жолу:

Калмырзаеа Пайзыкан Ырысбаевна  2- ноябрь 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында туулган.

Калмырзаева Пайзыкан Ырысбаевна Ала-Бука районундагы Калинина атындагы  мектебинде 1998-жылы 1- сентябрда эмгек жолун баштап, 2001- жылдын 31-августуна чейин мугалим болуп эмгектенген.

2011- жылдарда Ала-Бука районуна караштуу № 1 “Күнчубак”балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектенген.

2012- жылдардын аралыгында үй-бүлөсү менен Чаткал районуна көчүп келгендигине байланыштуу Мырзалиев атындагы орто мектебинде башталгыч класстын  мугалим болуп иштеген.

2015-жылы Майлуу-Суу шаарындагы №1 Чынгыз Айтматов атындагы мектебине кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген.

02.09.2019-жылдан баштап Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келүүдө. Кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча окуучуларды олимпиадага даярдап, өтүлгөн шаардык мектептер арасында олипиадада II-III орундарды багындырат. Ата-энелер менен ар дайым байланышта. Мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоодо долбоорлор менен иш алып барат. Класстан тышкаркы иштерге окуучулары менен тыгыз иш жүргүзүп, уюштуруусу, аракеттенүүсү, усулдук иштерди окуучулары менен эң жакшы уюштура алгат. Окуучуларга сапаттуу билим тарбия берүүдө чыгармачылык менен изденип, интерактивдүү, инновациялык усулдардан колдонуп сабак берүүдө. Жаш мугалимдерге насаатчы, коомдук иштерге  активдүү катышат, уюштургуч, демилгелүү мугалим катары, ишке болгон тактыгы менен мугалимдер жамаатында чоң кадыр- баркка ээ. Азыркы учурда №8 жалпы билим берүү орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп гана эмес, мектептин соцпедагогу кызматын аркалап эмгектенип келе жатат