Биз жөнүндө

 

Биз жөнүндө МЕКТЕПКЕ ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ

  • Юридикалык жактын аталышы: №8 жалпы билим берүү орто мектеби
  • Менчиктин түрүмамлекеттик
  • Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо күбөлүктүн номуру: 90787-3303-У-е
  • ИНН: 03007200210147
  • Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Жалал- Абад областы, Майлуу-Суу шаары, К.Саматов көчөсү номуру жок.
  • Объектинин профили: билим берүү мекемеси
  • 1987-жылы орто мектеп болуп ачылган.
  • Объектинин иштөө режими: аптада 5 күн (дүйшөмбү- жума) саат 800-1830 чейин.
  • Объектинин жайгашкан орду жөнүндө мүнөздөмө:
  • Мектеп шаардын борборунан 1 км. алыстыкта жайгашкан.
  • Деңиз деңгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан.
  • Мектеп шаардын борборунда жайгашкан.
  • Мектептин айланасы тосулган.
  • Мектепке кирүү жана чыгуу запастык эшиктери бар.

    Негизги штаттык бирдиктер:

Мектеп администрациясы  — 4:

  • директор -1,
  • директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары — 1,
  • класстан жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу -1,
  • китепканачы -1.

(АЧД мугалими-1, соц.педагог-1, ийрим жетекчилери- 6)

Мугалимдер — 18

Кичи кызматкерлер — 13

 

    Имараттардын саны жана имараттарга мүнөздөмө:

    Имараттардын жалпы аянты: 4121,7 м2

  • Мектеп типтүү, бир окуу корпусунан турат.
  • Окуу корпусу 1987-жылы курулган. Фундаменти бетон, дубалдары кирпич, чатырынын конструкциясы жыгач, шифер менен жабылган. Мектеп борбордук жылытуу системасы менен жылытылат.
  • Мектептин жалпы сыйымдуулугу 624 окуучуга ылайыкталган.

Окуу кабинеттери- 21, мектеп администрациясынын кабинеттери — 3, усулкана — 2,   ашкана-1.

 

   БАШКАРУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  Мектепте билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын принциптери сакталат.     Билим берүү процессинин максаттары жана милдеттери аныкталган, жарандардын жалпы орто     билим алуусу камсыздалган. Окутуунун күнүмдүк түрү ишке ашырылат.

  • Окутуу мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлүп, бир сменада окутулат. Мекемени башкаруу жалпы билим берүүнүн сапаттуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө багытталган, өзүн-өзү башкаруу принциптеринин негизинде ишке ашырылат. Мектепти түздөн-түз башкаруу мектептин директору Алчынбаева Наима Надировна, окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Мамырбаева Алтынбү Калыкеевна, класстан жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу Ирсалиева Жибек Ураимжановна тарабынан ишке ашырылат.

Бардык кызмат орундары үчүн кызматтык инструкциялар бар, билим берүү процессинин      катышуучуларынын укук жана милдеттери бири-бири менен макулдашылган.

Билим берүүнү башкаруу алкагында мектепте камкорчулар кеңеши, педагогикалык кеңеш, ата-энелер комитети иш алып барат. Көптөгөн маселелер жалпы мектептик жана класстык ата-энелер чогулушунда, жалпы мектептин ата-энелер комитетинде, директор менен өткөрүлгөн кеңешмелерде, администрациялык кеңешмелерде ишке ашырылат, каралган маселелерди чечимдер тастыктайт. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ийгиликтүү социалдашуусун, өзүн-өзү өркүндөтүүсүн шарттоо максатында төмөнкүлөр иш алып барат:

  • Психологиялык кызмат
  • Социалдык кызмат
  • Окуучулардын өз алдынча башкаруусу “Сейтек”, “Семетей”, “Манас” уюмдары
  • ШИИБ
  • Мектептин парламенти, ал өз кезегинде башка министрликтердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт:
  • Тазалык министрлиги
  • Маданият министрлиги
  • Ден- соолук жана спорт министрлиги
  • Билим берүү министрлиги

Мектептин алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн, жеке эле ички ресурстар эмес, шаардын билим берүү процессине таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрү колдонулат. Мектеп ШИИБ, шаардык китепкана, шаардык балдар чыгармачылык үйү жана шаардык балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борбору менен тыгыз иш алып барат.

Мектепте жалпы билим берүү жана окуучулардын контингентин сактоо тармагындагы КР мыйзамдары сакталат. Жынысы, улуту, тили, жашаган жери, тууган-уругу, динге мамилеси, көз караштары, коомдук уюмдарга кирип-кирбегендиги, жашы, ден-соолугу, социалдык, мүлктүк жана кызматтык абалына карабастан билим алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалган. Жалпы билим алуудагы жарандардын укуктары тебеленген учурлар мектепте болгон эмес. Мектеп тарабынан окуучуларга жалпы билим берүү үчүн акы алынбайт. Бул территорияда жашап жана тиешелүү деңгээлдеги билим алууга укуктуу болгон бардык жарандар мектепке кабыл алынат. Кабыл алуу учурунда администрация милдеттүү түрдө окуучуну жана ата-энесин мектептин Уставы жана жалпы билим берүү процессин уюштуруучу башка документтер менен тааныштырат. 1-класска 6,7 жаштагы балдар кабыл алынат. Мектептен чыгарылган учурлар катталган эмес. Шаарда мектеп жашында болуп, бирок мектепке тартылбаган балдар жана өспүрүмдөр жок. Мектеп кесиптик багытталуу алкагында Кыргызстандын ЖОЖдору, Майлуу-Суу шаардык медколледжи, Майлуу-Суу шаардык кесиптик колледжи, Борбордук Азия колледжи жана №76 кесиптик лицей менен ийгиликтүү иш алып барат.

МЕКТЕПТИН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ, АЙЫРМАЛООЧУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

№8 жалпы билим берүү орто мектебинин педагогикалык коллективи төмөнкү тема астында иш алып барат: Окуучулардын билим жана тарбия алуусунда жеке инсанга багытталган мамиле.

Мектептин максаты: Окуучуларга билим берүүдө жаңылануу багыттарын изилдөө, билим сапатын жогорулатуу, адептүү жана ыймандуу болууга тарбиялоо.

Мектептин миссиясы: “№8 жалпы билим берүү орто мектеби жалпы орто билим берүү мекеме болуу менен бирге башталгыч, негизги жана жалпы орто билимди тереңдетип берүүгө багытталат. Ата- энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, руханий дүйнөсү бай, элдик маданиятты сүйгөн, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоо. Алган билимдерин турмушта, жашоодо туура пайдалана билүүгө үйрөтүү. ”

 Мектептин милдеттери:

— Окуучуларга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү.

— Заманбап билим берүү саясатынын негизинде, билим берүү ишмердүүлүгүнүн  мазмунун жаңылоо.

— Окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, ой- чабыттарын өстүрүүдө инновациялык усулдарды колдонуу.

— Өзгөчөлөнгөн таланттуу окуучулар менен иштешүү системасын түзүү.

-Комплекстүү психологиялык-педагогикалык, социалдык-медициналык кам көрүүнү уюштуруу.

-Билимдин сапаттуулугун жөнгө салуучу мектеп ичиндеги системаны толуктоо жана тактоо.

-Билим берүү процессинин бардык тармактарында информациялык-коммуникативдик технологияларды колдонуу.

— Билим берүүдөгү тарбия функциясын жогорулатуу үчүн маданият жана өндүрүш мекемелери менен байланышты күчөтүү.

 БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДИГИНИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

№8 жалпы билим берүү орто мектеби бардык нормативдерди аткарат: стандарттык нормативдерге жана эрежелерге жооп берет, санитардык-гигиеналык нормаларды аткарат, окуучулардын жана кызматкерлердин ден-соолугуна кам кѳрѳт.

Уставга ылайык, жалпы орто билим берүүнүн 3 кадамы аркылуу мектеп ишмердигин аткарат:

— биринчи кадам — башталгыч билим берүү (кабыл алуунун нормативдик мѳѳнѳтү- 4 жыл)

-экинчи кадам- негизгижалпыбилим (кабыл алуунун нормативдик мѳѳнѳтү- 5 жыл)

-үчүнчү кадам– жалпы орто билим (кабыл алуунун нормативдик мѳѳнѳтү- 2 жыл)

Сабактардын жүгүртмөсү окуу планына дал келет. Окуу 5 күндүк болуп ишке ашырылды. Сабак 45 мүнөт өтүлөт. Окуучулар бир сменада окушат.

Окуу процессин уюштурууда сабактардын төмөнкү формалары колдонулат:

-сабактар,

-лекциялар,

— практикалык сабактар,

-консультациялар,

-олимпиадалар,

-конкурстар,

-предметтик жумалыктар,

-ачык сабактар