Маалыматтык — китепкана кызматы

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ

       Билим эң маанилүү ролду ээлеп турган азыркы коомдо ийгиликтүү өсүп – өнүгүп жашоого керектүү болгон маалыматты мектеп китепканасы берет.

Мектеп китепканасы окуучулардын элестетүүлөрүн жана ошондой эле алардын өзүлөрүнун билим алууга болгон умтулуусун өстүрүп атуулдук жоопкерчиликке тарбиялайт. Ал жергиликтүү аймактык жана мамлекеттик администрациянын баш ийүүсүндө болот да, анын иш аракети атайын мыйзам ченемдүү жоболор менен аныкталышы зарыл.

Мектеп китепканасы түздөн – түз мектеп директоруна баш ийет. Китепкананы пайдалануу акысыз жүргүзүлөт. Китеп фондусу менен иштөө окуу жылы менен чектелет.

Китеп фондусу менен иштөөдө төмөнкү документтер болушу зарыл.

—  Суммардык китепче

—  Инвентардык журнал

—  Актыларга өзүнчө папка

—  Окуу китептери боюнча накладнойлор

—  Иш план (жылдык, чейректик, жумалык).

Жазуулар өз убагында жүргүзүлөт. Эскирген, айрылып, тытылган, переченге кирбей калган жараксыз окуу китептерин өз убагында фонддон чыгарылат .

Мектеп китепканасы мектептин II кабатында  жайгашкан. Окуу залы жана китеп сакталуучу жайы бар. Жалпы аянты 58,5 кв. метр.

Китепкана окурмандар үчүн стол (6), китеп койгон шкаф  (4), стеллаж (15) менен жабдылган. Китепканачынын стол, стулу бар.  Анын үстүндө инвентардык китепче, жылдык, чейректик иш пландары, китепканачынын күндөлүгү бар.

Окурмандар залында стол, стулдар 12 окурманга ылайыкталган. Ага китеп окуучулар олтуруп өзүнө керектүү материалдарды окушат. Китепкананын жарыгы санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берет.

Мектеп китепканасынын ишин жогорку билимдүү адис Кушбакова Бурулкан Ураимжановна  алып барат. Эмгек стажысы 3 жыл, 9 ай.

Китепкананын иш тартиби   9:00- 15:00 чейин иштейт. Шейшемби — усулдук күн, ишемби, жекшемби – дем алыш . Санитардык күн жуманын аягында .

Китепкана боюнча иштелип чыгып жана бекитилгендер:

—  “Китепкана иши жөнүндө жобо”

—  “Китепканадан пайдалануунун эрежелери”.

—  “Китепканачынын кесиби боюнча инструкциялар”.

 

Окурмандарды тейлөө

Окуу китептеринин сакталышы боюнча ай сайын көзөмөл жүргүзүлөт. Окуучулар менен китепти кандай пайдалануунун эрежелери жөнүндө аңгемелешүү жүргүзүлөт. Класс жетекчилер да окуу китептеринин сакталышы боюнча ата энелер менен тыгыз байланышта болуп, көп көңүл бурушат. Айрыкча башталгыч класстын мугалимдери көп иш алып барышат. Ар айдын акыркы жума күндөрү жыйынтык чыгарылып турат. Окуу жылы аяктаганда график боюнча ар бир класс окуу китептерин китепканага тапшырышат.

Окурмандар менен жүргүзүүлүчү маданий-массалык иштер

Балдар менен жаш өспүрүмдөр турмушка жаңыдан гана кадам шилтейт. Алардын али турмуштук тажрыйбасы жок. Китептен алар өздөрүн кызыктырып келген көптөгөн суроолорго жооп таба алышат. “Дүйнөдө мыкты китептер көп, бирок алар окуй билгендер үчүн гана мыкты” – деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга көп көңүл бөлүү керек. Азыркы учурда окуучулар китеп окууга көп деле көңүл бөлбөй калышты. Анткени азыркы маалыматтуулук байланыш күчөгөн татаалдашкан бүгүнкү күндө руханий талаптарды азыктандыруучу маданий булактардын түрлөрү арбыды: кино,  музыка, интернет, көңүл алаксытуучу ар кандай шоулор. Бирок китепкананын орду өзгөчө болушу керек, китепканада окурмандар менен түрдү массалык иштер жүргүзүлөт. Алар угуза окуулар, библиографиялык обзорлор, аңгемелер окуган китепти талкууло, адабий кече ж.б.. Китеп окурмандар менен жекече аңгемелешүү, окуган китебин талкуулоодо түшүнбөгөн жерин айтып берип, ошол эле окуучу окуган китеби жөнүндө ой жүгүртүп реферат же китепче жасап келүүсүнө шарт түзүү керек.

 

Китепканада негизги орунду ар бир мааракелерге, белгилүү даталарга арналган ар тармактуу китеп көргөзмөлөрү ээлейт. Дайыма маанисин жоготпогон да тематикалык көргөзмөлөр бар. Алар жаңы материалдар менен толукталып турат. “Жомок бизде мейманда”, “Эсен бол, эгемен мекеним”, “Мугалимдер сиздер үчүн”, “Манас–бул кыргыздардын жашоосунун энциклопедиясы” ж.б..

Акын жазуучулардын мааракелерине карата китеп көргөзмөсүнө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Айта кетсек Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата китеп окурмандар адабий кече, башталгыч класстын окуучулар жазуучунун китеп көргөзмөсү менен таанышышат.

Апрель айында өтүлүүчү китеп күнүнө карата китеп көргөзмөсү уюштурулат. Мында негизгиси эң мыкты кыргыз акын–жазуучуларыбыздын китептери. Коюлуп, библиографиялык обзор жаза алат. “Арымың артсын китепкана”, “Китепканага белек” “Окурман Кыргызстандын-гүлдөө жолунда”-деген темада китеп жумалыгы өткөрүлөт. Бул иш чарага мугалимдер, окуучулар активдүү катышып, үйлөрүндөгү ашык адабий китептеринен алып келип, китепканага белекке беришет. Фонд толуктала берет. Бул иш–чарага 4-класстын окуучулары, 5-6-класстын балдары активдүү катышты. Башталгыч класстын окуучулары китепканага экскурсия жасашты. Мында китепканада кандай китептер бар экендигин, “Китеп окуу”- деген эмне экендиги жөнүндө кеңири түшүнүк алышты.

“Бирге окуйбуз” долбоору боюнча да көптөн бери иш алып барабыз. Китепканадан  -ата-эне баласы менен келип, адабий китеп алып окушат да, кайра талкуу жүргүзүшөт. Ошентип бала китепкөй болуп чыга келет. Мисалы: “Манастын бала чагы”, “Сырдуу таш”, “Алтын жомок” ж.б.

Китепкананын фонду

Окуу китептери – 10941 экз.

Кѳркѳм адабият – 5032 экз.

Методикалык китептер — 1562 экз.

Маалыматтык - китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

 

  • Маалыматтык - китепкана кызматы
  • Маалыматтык - китепкана кызматы
  • Маалыматтык - китепкана кызматы
  • Маалыматтык - китепкана кызматы