1- июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү!
Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. Балдардын укугун коргоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун алдында ЮНИСЕФ балдар фонду да дүйнө жүзү боюнча балдарды коргоо жана кам көрүү боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп келет.Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата №8 жалпы билим берүү орто мектебинде балдарга арналган иш-чаралар, салтанаттар жана мектептин сырткы спорттук аянтчасында «Алтын балалык» деген темада сүрөт тартуу конкурс уюштурулуп, окуучуларга майрамдык маанай тартууланды.
Комментарии