БИРИНЧИ СЕНТЯБРЬ – БИЛИМ КҮНҮ!
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Сиздерди чын жүрөктөн бардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!
1-сентябрь — бүгүн биринчи класс болгон балдардын жашоосундагы жаңы этаптын башталышы. Биринчи сентябрь – Билим күнү! Мектеп дүйнөсүнө кош келиңиздер! Билимдердин жана ачылыштардын бул укмуштуу дүйнөсү менен тайманбай таанышыңыздар! Биринчи мугалим жана жарык мектептин классы сиздерди күтүп жатат! Сабактар жадатма эмес, китептер – кызыктуу, ал эми мектептеги достук бекем болсун!
1-сентябрь бүтүрүүчүлөр үчүн – алардын жашоосундагы акыркы 1- сентябрь. Кымбаттуу 11-класстар! Эске алгыла, силердин мындан аркы тагдырыңар силердин колуңарда! Өзүнөрдүн келечектеги жеңишиңер үчүн бекем фундамент куйгула. Ушул жылы силер кесибиңерди тандап, ЖРТ тапшырып, ЖОЖго өтүүңөр керек. Умтулгула – силердин колуңардан баары келет!
Урматтуу өзүнүн баласын толкундануу менен мектепке узаткан ата-энелер, чоң эне, чоң аталар! Силерди да майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Балдарыңыздар сиздерди бат-баттан кубандырып турсун, жана сиздерге сабырдуулук каалайбыз. Сиздерде дайыма балдарга көнүл бөлүүгө убакыт, мээрим, суйүү жана энергия болуп турсун!
Бүгүн мугалимдерге ыраазычылыктын жылуу сөздөрүн айткыбыз келет. Сиздер окуучуларга илимдерди таанууга жардам бересиздер, жаңы түшүнүктөрдү ачасыздар, түшүнүксүз нерселерди түшүндүрөсүздөр. Сиздер принципиалдуулуктун жана сезимталдуулуктун үлгүсүздөр, сиздердин талантыңыздар, чыдамдуулугуңуздар, жоопкерчилигиңиздер – ийгиликтүү окутуунун шарттары! Сиздердин алдыңыздарда жаңы пландар, жаңы ийгиликтер жана жетишкендиктер болсун! Ден-соолук сиздерге!
№8 жалпы билим берүү орто мектебинин эмгек жамааты жаңы окуу жылына даяр. Бүгүн биздин мектебибиздин меймандос ачылган босогосун аттаган бардыгыңыздарга ийгиликтерди каалайм!
Комментарии