Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрүнүн мектепке болгон визити.
2023-жылдын 25-апрелинде ЕККУ нун Кыргызстандагы Программалык офисинин жетекчиси А. Рогов Майлуу-Суу шаарында өзүнүн командасы менен биргеликте болуп, «Шаардын тарыхы жана уран калдыктары» тууралуу музейде жүргүзүлгөн иш аракеттердин презентациясына катышты. Жалпы билим берүү уюмдарында өткөрүлгөн «Жер- биздин үйүбүз» аттуу сүрөт тартуу конкурсу уюштурулуп, жеңүүчү деп табылган «Жашыл патруль» тайпасындагы окуучуларды баалуу белектер менен сыйлады.
Андан соң ЕККУнун өкүлдөрү №8 жалпы билим берүү орто мектебинде окуучулардын өз колдору менен жасаган көргөзмөлөрү, «Жашыл патруль» тайпасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып чыгуу менен ыраазычылыктарын билдиришти.
Комментарии