Майлуу-Суу шаарындагы № 8 жалпы билим берүү орто мектебинин Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 33-жылдыгына карата өтүлгөн иш-чара жөнүндө маалымат
№ 8 жалпы билим берүү орто мектебинде Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 33-жылдыгына карата план түзүлүп, иш-чаралар өткөрүлдү.
Тарых мугалимдери Г.А.Керимкулова, Б.У.Кушбакованын жетекчилиги астында Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 33-жылдыгына карата бурч уюштуруп, дубал гезиттер чыгарылды.
4-11-класстардарда Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 33-жылдыгына карата “Мен Мекендин коргоочусумун”, “Мекенди коргоо — ыйык милдет” деген темада класстык сааттар өтүлдү.
2022-жылдын 10-февраль күнү 7-11-класстын окуучулары Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Ооган согушунун ардагерлер союзунун төрагасы Султанов Жунусалы Акбаралиевич., Ооган согушунун ардагери Салыбекова Авазган Назаралиевич катышты. 4-11-класстардын окуучулары тарабынан көркөм ырлар, обондуу ырлар, сахналаштырылган көрүнүштөр айтылды. Согуштун ардагерлери өзүлөрүнүн Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө так калтыргандыгын, согушта каза болгондордун жакындарынын күйүтү али күнчө басыла электигин, согуш учурундагы кыйынчылыктарды айтып беришти. Миңдеген жоокерлердин өмүрүн алган Ооган согушун кыргыз жоокерлери өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн бардыгы бир максаты көздөп улутуна карабай согушканын согуштан жеңиш менен кайтышкандыгын айтып беришти. Окуучулар тарабынан суроолор берилип, ардагерлер тарабынан жооптор айтылып, окуучулар өз мекенин көздүн карегиндей сактоого, мекенди коргоо милдет жана парз экендигин билдиришти. Окуучуларды сабырдуу, мекенчил болууга үндөп кетишти. Мектеп жамааты тарабынан Ооган согушунун ардагерлерине белектер берилди.
Комментарии