Мугалимдер күнү менен!
Майлуу-Суу шаарындагы N8 жалпы билим берүү орто мектеби маалымдайт.
N8 жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жыл 5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата иш -чаралар өтүлдү.
Мектепте 1-11-класстардын окуучуларына “ Мугалим – кесиптердин улуусу”, “Мугалим- мектептин жүрөгү”, “Мугалим – мөмөлүү дарак” деген темаларда класстык сааттар өтүлдү, дубал гезиттер чыгарылды. Мугалим келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун жолуна багыт берип, аларда жакшы сапаттарды калыптандырып, эрезеге жеткирген, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип экендиги боюнча маалыматтар берилди. 9-10-класстардын окуучулары “Мен Мугалим болсом…” деген темада эссе жазышты. Окуучулар арасынан келечекте мугалим болсом деп максат койгон окуучулар: Казакова Нуриза, Кенжебек кызы Наргиза, Усанова Айдана ж.б.
Окуучулар тарабынан майрамдык концерт уюштурулду, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп уруп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жаткан мугалимдерге терең таазим менен мектеп администрациясы тарабынан Алкыш жарыяланды.
Комментарии