«Окуу керемет» долбоору
№8 жалпы билим берүү орто мектебинде администрация жана башталгыч класс мугалимдери тарабынан 2023-жылдын 19-апрелинде «Окуу керемет!» долбоору боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарга Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу жана мектептердин башталгыч класс мугалимдери катышышты. Семинардын максаты- өз ара тажрыйба алмашуу.
Программада көрсөтүлгөндөй алгач мугалимдерди окуучулар менен биргеликте тосуп алуу иш аракети аткарылды. Мектептин тажрыйбалуу мугалимдери ачык сабактарды, класстан тышкаркы иштерди өтүштү.
Окуучулардын өз колдору менен жасаган жомоктордон жана ар кандай маалыматтарды камтыган китеп көргөзмөсү уюштурулду. Башталгыч класстардын окуучулары өздөрүнүн билимин, чыгармачылык менен иштөөнүн натыйжасында өз таланттарын, кызыгуусун көрсөтүштү. Бул иш чара мугалимдердин бири бири менен тажрыйба алмашуусуна, мугалимдин кесипкөйлүк деңгээлинин жогору болуусуна өбөлгө түзөт.
Комментарии