Так илимдер жумалыгы.
Майлуу-Суу шаарындагы N8 жалпы билим берүү орто мектебинде 10-апрелден 14-апрелге чейин так илимдер (математика, геометрия, физика, информатика, география, биология) жумалыгы болуп өттү.
10-апрелде 1-10-класстарга жумалыктын ачылышында усулдук бирикмененин жетекчилери астында окуучулар ырларды айтышып , усулдук бирикменин жетекчиси Сиябекова У. бир жумалык өтө турган программа менен тааныштырды.
«Жер-биздин үйүбүз » аттуу сынак өткөрүлүп , сынакта 1-10 класстардын окуучулары жер жөнүндө дубал газеталарды, макет жана поделкаларды жасап келишти. Бул конкурста окуучулар үйлөрүнөн ата энелери менен биргеликте, ошондой эле макеттерди жасоо учурунда ар кандай маалыматтарды издеп, жаратылышты сактоого үйрөнүштү.
11-апрель «Билимге умтул» аттуу сынак болуп, сынакка 7-10-класстардын окуучулары катышты.Сынакта математика, информатика, геометрия, география, биология, физика сабактарынан түзүлгөн суроолорго жооп беришти. Ошондой эле сынакта окуучулар тең таймашып, кызыктуу суроолорго жооп берип жана көптөгөн кошумча маалыматтарга да ээ болушту.
12 -АПРЕЛЬ «Космоско жол мектептен башталат» аттуу сынак болуп өттү. Сынакка 7-10-класстардын катышуусунда болду.Ар бир класстан 5 окуучудан катышып, физика мугалими А.К.Мамырбаеванын жетекчилиги астында окуучулар менен биргеликте космоско учуп, планеталарды изилдешип, берилген суроолорго жооп беришип космостон маалымат алып келишти. 13-апрель 1-10-класстар арасында «Мыкты сүрөтчү»аттуу сүрөт конкурсу болуп өтүп, окуучуларыбыз жаратылыш кубулуштарын жана жаратылыштын булганыш себептерин окушуп, көргөн билгендерин сүрөткө тартышып, поделкаларды да жасап келишти.
14-апрель «Так илимдер жумалыгынын жабылыш аземи болуп өтүп, эң мыкты катышкан окуучуларга жана эң жакшы катышкан окуучулар грамоталар менен сыйланды.
Комментарии