12-декабрь — Улуттук адабият күнү.
Улуттук адабият күнү — Кыргыз Өкмөтүнүн чечими менен 2011-жылдан бери жыл сайын 12-декабрда белгиленет. 12-декабрь адабияттын белгилүү алпы, жаңыча көз караштагы, багыттагы адабий чыгармалары менен улуттук адабиятка кайталангыс бурулуш жасаган, кыргыз атын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган, өз салымын кошкон Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү.
№8 жалпы билим берүү орто мектебинде Улуттук адабият күнү белгиленди. Бул күнү 5-10-класстардын окуучулары жана класс жетекчилери тарабынын даярдалган «Кыргыз элинин залкарларынын чыгармаларына саякат» аттуу иш чара өтүлдү.
Мында залкар акын жазуучулардын чыгармаларынан, ырлардан көркөм окуулар айтылып, дубал гезиттер, буклеттер даярдалып, көргөзмөлөр уюштурулду.
Андан сырткары окуучулар залкарлардан калган унутулгус чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөрдү аткарышты.
Комментарии