«Манас күнүнө» арналган иш чаралар
«Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат.
Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган.
«Манас» 2013-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастар шедеврлердин тизмесине киргизилген.
«Манас» эпосу дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннестин «Рекорддор» китебине да жазылган.
Майлуу-Суу шаарындагы N8 жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 5-декабрында “Манас” эпосунун күнү белгиленди. Бул иш чара мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Т. И. Рахманкулова, П.Ы.Калмырзаева жана мектептин уюштуруучусу Ж.А.Ирсалиеванын жетекчиликтери астында 1-10-класстардын окуучуларынын катышуусу менен өткөрүлдү. Мында класстар аралык манас айтуу боюнча сынак уюштурулуп, жеңишке жеткен таланттуу окуучулар шаардык деңгээлде өткөрүлүүчү иш чарага жолдомо утуп алышты. Өтүлгөн иш чарадан окуучулар Мекенди сүйүүгө, элибиздин тарыхый мурастарын барктап даңазалоого багыт алышты.
Комментарии