Ахмадалиева Гулбара Айдаровна

Башталгыч класс мугалими
  1. Фамилиясы, аты,атысынын аты: Ахмадалиева Гулбара Айдаровна
  2. Иштеген мекеменин аты, кызматы: №8 жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класс мугалими
  3.  Туулган күнү, айы,жылы: 28.06.1965 -ж.
  4. Улуту: кыргыз
  5. Билими,окуу жайдын аталышы: ЖПИ, атайын орто
  6. Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары :                                                                           —  Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинин грамоталары;                                       — Шаардык маданият бөлүмүнүн грамоталары;                                                                                                                 — ШБББнүн грамоталары;                                                                                                                                                       — Шаардык Кеңештин грамотасы;                                                                                                                                           — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы билим берүү усулдук борборунун           Ардак грамотасы                                                                                                                                                                     — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы.
  7. Эмгек жолу жана билим берүү тармагындагы кошкон өзгөчө эмгектери:

Ахмадалиева Гулбара Айдаровна Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинде 2011-жылдан бери эмгектенип келе жатат. Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген. Тарбия иштерин жүргүзүүдө ийгиликтерди көрсөтө алган. “Көркөм окуу” сынактарда шаардык деңгээлде окуучулар  I-II орундарды ээлеп келишет. Башталгыч класстарды окутууда окуучулардын таза, тамгаларды элементи менен жазуусуна, окуу темпине көңүл буруу менен сапаттуу билим берүүдө, талыкпастан изденип чыгармачылыык менен иштейт, интерактивдүү усулдарды колдонот. Сабак өтүүдө “Бирге окуйбуз”, “Шар окуйбуз” “Кош тилдүүлүк”, “Сабаттуу жаз” программаларын колдонуп өтөт. Ата-энелер менен тыгыз байланышта “Бирге окуйбуз”программасы менен иш-чараларды өткөргөн. Окуткан окуучуларынын билим сапатынын көрсөткүчтөрү 70-85 %ды берет. Мектепте окуучулар арасында чыгармачылык менен иштөөдө сүрөт ийримин жетектейт. Мектепте, шаардык мектептер арасында өтүлгөн конкурстарда, сабактан тышкаркы иштердеги өткөрүлгөн мелдештерди даярдоого чоң салым кошот. Мектепте класс жетекчилик иш жүргүзүү чеберчилиги жогору болгондуктан классынын тартип-тазалык, жетишүү, катышуусу боюнча жыл жыйынтыгында жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтөт. Класстан тышкаркы иштерге окуучулары менен тыгыз иш жүргүзүп, уюштуруусу, аракеттенүүсү, окуучулары менен эң жакшы уюштура алгандыктан мектептеги, шаардык деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларда ийгиликтерди жаратып келет. Окуучуларга сапаттуу билим тарбия берүүдө чыгармачылык менен изденип, инновациялык усулдардан колдонуп сабак берүүдө. Предметтик текшерүүдө окуучулардын билим сапаттары жакшы көрсөткүчтөрдү берүүдө. Атайын өткөрүлгөн адисттик курстардан өтүп келген.Жаш мугалимдерге насаатчы, коомдук иштерге активдүү катышат,жамаатта кадыр- баркка ээ.