Маматназаров Эргешбай Маматумарович

Музыка, дене тарбия мугалими

Маматназаров Эргешбай Маматумарович 1964-жылы Мургаб районунда жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Мектеп жашына чейин ата-энесинин колунда тарбияланып, 1972-жылы Мургаб районунда В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин 1-класска окуй баштаган. 1982-жылы ошол мектептен 10-классты бүтүргөн. 1983-1985-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдү. 1985-жылы Душанбе шаарындагы Таджикстан Мамлекеттик искусство институтунун музыка жана ырдоо факультетине тапшырып, 1989-жылы аталган институтту бүтүрдү.

1989-1998-жж. Мургаб районунун “Балдар музыкалык мектебинде” мугалим болуп иштеген.

1998-99-жж. М.Горкий атындагы мектепте музыкалык мугалим болуп иштеген.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Майлуу-Суу шаарына келип туруктуу жашап калгандыгына байланыштуу 2000-жылы 27-январынан баштап №9 орто мектебинде музыка мугалими болуп иштеди.

2005-жылы 12-сентябрдан №89 орто мектебине которулуп, 2008-жылдын 1-октябрь чейин иштеди жана 2008-2009-жж. Россия жергесинде эмгектенди.

01.12.2010-01.09.2011 жылдарда Майлуу-Суу шаарынын мэриясында кароолчу болуп иштедим.

01.09.2011-жылдан баштап Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинде музыка жана дене тарбия мугалими жа кесиптик уюмдун төрагасы ишин аркалап келе жатат.