Нурдин кызы Жанара

Башталгыч класс мугалими

Нурдин кызы Жанара 2001-жылы 6- декабрда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Бел-Терек айылында жарык дүйнөгө келген. 2008-жылы Бел-Терек айылындагы №39 жалпы орто билим берүү мектебине 1-класска кабыл алынган. 2009-жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарына көчүп келип, 2009-жылдын 1-сентябрында Майлуу-Суу шаарындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинин 2 А классына кабыл алынып жана  2017-жылы ушул мектептен 9-классты аяктап, негизги жалпы билим тууралуу күбөлүк алган.

2017-жылдын сентябрь айынан Борбордук Азия Колледжинин »Башталгыч класстарды окутуу » бөлүмүнө кабыл алынып, 2020- жылы колледжди бүтүргөн. 2020-жылы МНУнун  «Педагогика» бөлүмүнө тапшырып, азыркы учурда 5-курста сырттан окуйт. Азыркы кезде Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштеп келе жатат.