Рахманкулова Тамара Исмайловна

Кыргыз тили жана адабияты мугалими
  1. Фамилиясы, аты,атасынын аты: Рахманкулова Тамара Исмайловна
  2. Иштеген мекеменин аты, кызматы: № 8 жалпы билим берүү орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими
  3. Туулган күнү, айы,жылы:  10.08.1965 -ж.
  4. Улуту: кыргыз
  5. Билими, окуу жайдын аталышы: ЖАПУ, ЖОГПИ, жогорку
  6. Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы
  • Кыргыз Республикасынын ыйгарымдуу өкүлүнүн Ардак грамотасы
  • Кыргыз Республикасынын профсоюз тарабынан 1 грамота  (2010-ж.);
  • Майлуу-Суу шаардык мэрия тарабынан 3 грамота (2006-ж.,2007-ж., 2012-ж.)
  • Майлуу-Суу шаарындагы КРнын мамлекеттик тил күнүнө арналган үч айлыктын алкагындагы Кыргыз тилдин “ТИЛДИН МЫКТЫ АДИСИ” номинациясы боюнча өткөрүлгөн кароо-сынакта I орунду алгандыгы үчүн диплом жана (1000 сом) акчалай сыйлык.
  • ШБББнөн 6 грамота (1999-ж, 2002-ж, 2005-ж, 2007-ж, 2012-ж, 2014-ж.);
  • № 8 орто мектеби тарабынан 3 грамота (2000-ж, 2011-ж, 2015-ж.);
  • ШБББнүн профсоюз тарабынан акчалай сыйлык (2007-ж.)берилген
  • ШБББнөн 1995-ж. сыйлык берилген.
  • № 8 орто мектеби тарабынан “Ыраазычылык кат” эмгек китепчесине жазалган;
  • 1984-жылы Базар –Коргон районунун № 30 “Кыргызстандын  60 жылдыгы”атындагы орто мектепте эмгек жолу башталган;
  • Райондук билим берүү бөлүмүнөн 4 грамота (1985-ж.,1986-ж., 1989-ж,1990-ж.);
  • № 30 “Кыргызстандын 60 жылдыгы” атындагы орто мектебинин (1984-1992-ж) 2 грамота жана 2 жолу акчалай сыйлык берилген.
  • Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссия мүчөсү
  • “ Сабатуу бол!” акциясынын тренери

Эмгек жолу жана билим берүү тармагындагы кошкон өзгөчө эмгектери:

Рахманкулова Тамара Исмайловна Майлуу-Суу шаарындагы № 8 жалпы билим берүү орто мектебинде 1995-1996- окуу жылынан бери эмгектенип келе жатат. Тарбиялык иштер боюнча директордун  орун басары болуп эмгектенген. Окуу бөлүм башчысы болуп да бир топ жыл иштеген . Окуу тарбия иштерин жүргүзүүдө ийгиликтерди көрсөтө алган. Мектеп жамаатында профсоюз уюмунун төрайымы болуп көп жыл иш жүргүздү. 2010- 2012-жылдары БЧҮдө усулчу болуп иштеди. Мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан шаардык олимпиадада ар жыл I-II-III орундарга окуучулары ээ болуп жатат. Кыргыз тили Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн мектептер арасындагы мелдештерде I- орунга ээ болуп, көптөгөн ийгиликтерди жаратууга жетишкен. “Манас таануу” боюнча 8- класстын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн сынакта шаардык I-II орунду ээлеп, областтык олимпиадага катыштырып, дипломго ээ болгон. Окуучулар арасында жүргүзүлгөн областтык деңгээлдеги дилбаян, эссе жазуу сынактарында окуучулуры катышып, ийгиликтерге жетишүүдө. “Көркөм окуу”  сынактарда  шаардык деңгээлде окуучулар  I-II орундарды ээлеп келишет. “Себат” долбоору уюштурган 9-10-11- класстар арасында кыргыз тили жана адабияты сабагынан өткөрүлгөн “Аялуу жан сырын адам дилинде айта алат, бир гана эне тилинде”деген теманын негизинде олимпиадада жыл сайын окуучулары шаардык мектептер арасынан  I- II- III орунду ээлеп, областтык олимпиадага катышып жатат. 2014-2015 -окуу жылында “эссе” жазуу багыты боюнча областтан III орунду багындырды. Мектепте класс жетекчилик иш жүргүзүү чеберчилиги жогору болгондуктан классынын тартип-тазалык, жетишүү, катышуусу боюнча жыл жыйынтыгында I орунда болот. Класстан тышкаркы иштерге окуучулары менен тыгыз иш жүргүзүп, уюштуруусу, аракеттенүүсү, усулдук иштерди окуучулары менен эң жакшы уюштура алгандыктан мектептеги, шаардык деңгээлде өткөрүлгөн сынактардан дайыма I-II-III орундарга жетиштирүүсү үчүн грамота менен сыйланып турду. Окуучуларга сапаттуу билим тарбия берүүдө чыгармачылык менен изденип, интерактивдүү, инновациялык усулдардан колдонуп сабак берүүдө. Предметтик текшерүүдө окуучулардын билим сапаттары жакшы көрсөткүчтөрдү берүүдө. Атайын өткөрүлгөн адисттик курстардан өтүп келген. 2013-жылдын 23-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата үч айлыктын алкагындагы Кыргыз тилдин “Тилдин мыкты адиси” номинациясы боюнча өткөрүлгөн кароо-сынакта I  орунду алгандыгы үчүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан диплом жана акчалай (1000 сом) менен сыйланган. Кыргыз тили жана адабият канаасын, “Манас” бурчун жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жасалгалоого өз салымын кошкон. Жаш мугалимдерге насаатчы, коомдук иштерге активдүү катышат,жамаатта кадыр- баркка ээ. Майлуу-Суу шаарынын мэриясында Мамлекеттик тил боюнча  текшерүүчүнүн мүчөсү.