Сиябекова Уулкан

Химия, биология мугалими

Сиябекова Уулкан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Улук айылында 25- сентябрь 1961-жылы туулган. Эмгек жолун 1998-жылы Майлуу-Суу шаарындагы  №3 орто мектебинде баштаган. 2005-жылдан тартып №8 жалпы билим берүү орто мектебинде эмгектенип келе жатат. 2011-2016- жылдары окуу бөлүм башчысы болуп беш жыл иштеген. Окуу тарбия иштерин жүргүзүүдө ийгиликтерди көрсөтө алган, мектеп жамаатында УБЖ болуп да иштейт. Мектепте биология сабагынан шаардык олимпиадаларда II-III орундарга окуучулар ээлеп жатат. Мектепте класс жетекчилик иш жүргүзүү чеберчилиги жогору болгондуктан, классынын тазалыгы, жетишүүсү, катышуусу боюнча класстар арасында жыл жыйынтыгында алдыңкы орунда болот. Класстан тышкаркы иштерде окуучулары менен тыгыз иш жүргүзүп, уюштуруусу, аракеттенүүсү, окуучулары менен уюштуруу иштерин жакшы алып барат. Предметтер аралык мектептеги, шаардык деңгээлде өткөрүлгөн сынактардан окуучулар дайыма II-IIIорундарга жетишет.

Окуучуларга сабаттуу билим тарбия берүүдө чыгармачылык менен изденип, интерактивдүү, инновациялык усулдардан колдонуп сабак берүүдө. Интерактивдүү усулдарды колдонууда  “Сынчыл ойлом”, “Кадам артынан кадам”, “Бирге окуйбуз”, “Баалоонун түрлөрү” программаларын сабак өтүүдө ар дайым колдонот.  Атайын өткөрүлгөн адистик курстардан өтүп келген, 2018-жылы өз билим өркүндөтүүдө жаңы технологияны колдонууда информатика курсун аяктоо менен сертификат алды.

Окуучулар арасында “Жаратылыш биздин байлыгыбыз”, “Окуучуларды туура тамактандыруу”, “Ден- соолук- өмүрдүн булагы”, “Наркотикалык заттардын зыяндуулугу”, “Коопсуз мектеп” ж.б. ар дайым көрсөтмөлүү класстык сааттарды өткөрүп, буклет, дубал газеталарды чыгарып, слайдшоуларды даярдап, жогорку деңгээлде өтөт. Ата-энелер менен ар дайым байланышта. “ Энелер мектебин” түзүүгө салымын кошкон. Мектептин биология мугалими болгондуктан жашылдандыруу, гүл өстүрүү иштеринин уюштурат. Жаш мугалимдерге насаатчы, коомдук иштерге активдүү катышат. Жамаатта кадыр-баркка ээ.

Мамлекеттик жана ведомостволук сыйлыктары:

  • №8 орто мектеби тарабынан 3-жолу Ардак грамота (2013-ж.,2015-ж.,2017-ж.)
  • ШБББнөн 2004-ж. акчалай. 2007-ж.,2011-ж. Ардак грамота
  • Майлуу-Суу шаарынын мэриясы тарабынан 2 жолу Алкыш жарыяланган. (2015-ж., 2017-ж.)
  • 2003-ж.
  • №8 орто мектеби тарабынан Ардак грамота 2021-ж