Айдарова Саткынбу Идрисовна

Орус тили жана адабияты мугалими
  1. Аты, жөнү: Айдарова Саткынбу Идрисовна
  2. Туулганжылы: 7-январь  1952-жыл.
  3. Туулганжери: Талас шаары
  4. Улуту: Кыргыз
  5. Кайдаокуган: КЖПИ.
  6. Билими: Жогорку.
  7. Иштеген жери: Майлуу-Суу шаары, №8 жалпы билим берүү орто мектеби
  8. Кызматы: орус тили жана адабияты мугалими
  9. Сыйлыктары:                                                                                                                                                                   — Кыргыз ССРнин республикалык профсоюзунун комитетинин Ардак грамотасы, 1984-ж.                             — Майлуу-Суу шаардык профсоюздук комитетинин Ардак грамотасы, 1988-ж.                                                     — “Кыргыз Республикасынын Билим берүү Отличниги” төш белги, 2002-ж.                                                         — Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармасынын Грамотасы, 2004-ж.                                     — Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы, 2011-ж.                                                                             — Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы, 2013-ж.                                                                             — Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы, 2014-ж.                                                                             — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн           аппаратынын Ардак грамотасы, 2019-ж.                                                                                                                             — №8 жалпы Майлуу-Суу шаарынын билим берүү орто мектебинин Ардак грамотасы, 2021-ж.                     — “Бактынур продюссердик борбору” коомдук фондунун “Ардактуу мугалим” төш белгиси, 2022-ж.             — №8 жалпы Майлуу-Суу шаарынын билим берүү орто мектебинин администрациясы тарабынан         Алкыш, 2022-ж.
  10. Эмгек жолу:
  • 1973-1974-жж.Жалал-Абад областындагы Калинин атындагы орто мектеби, орус тили жана адабияты мугалими;
  • 1974-1975-жж. Панфилов атындагы мектеп интернатында тарбиячы;
  • 1975-1976-жж. Калинин атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими;
  • 1976-1984-жж. Таш-Көмүр шаарындагы №2 орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими;
  • 1984-1995-жж. Майлуу-Суу шаарындагы №3 рто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
  • 1995-2004-жж. Майлуу-Суу шаарындагы №8 орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары, мектептин директору;
  • 2004-2007-жж. Бишкек шаарындагы №39 орто мектебинде мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары;
  • 2007-2008-жж. Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти;
  • 2008-2009-жж. Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектебинде директор кызматы;
  • 2009-2018-жж. Майлуу-Суу шаарындагы медициналык колледжине мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары;
  • 2019-жылдан тарта Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими кызматын аркалап иштеп жатат.

Ал  өзүнүн 45 жылдан ашуун эмгек жолун билим берүү тармагына арнады.

2008-2010-жылдарда Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүндө методист болуп интерактивдүү усулдарды окутуу боюнча мектептерде семинарларды уюштуруп жаш мугалимдерге методикалык жардамды көрсөткөн.

Азыркы учурда  №8 жалпы билим берүү орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими кызматын аркалоодо. Мектеп жамаатын ынтымакта, чыгармачылык менен изденип иштөөсүнө көмөк көрсөтүп , окуучуларга сапаттуу билим тарбия берүүдө, ата-энелер менен иш алып баруу, жаш мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү менен талыкпастан эмгектенүүдө. Бул жылдар аралыгында өзүнүн кызматына жоопкерчиликтүү менен мамиле кылып, жетекчилик тарабынан берилген тапшырмаларын так аткаруу менен өзүн көрсөтө алды.

Айдарова Саткынбу Идрисовна уюштургуч, демилгелүү кызматкер катары ишке болгон тактыгы менен коллективде, окуучулар жана ата-энелер арасында чоң кадыр баркка ээ.